Ажылык сапардын билет баасы аныкталды

Быйылкы ажылык сапарга баруучу жарандарды ташуучу авиакомпания жана анын билет баасы аныкталды. Бул тууралуу Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, билеттин баасы 2018-жылдагыдай эле 1550 доллар деп чечилсе, ажылык сапарга баруучуларды ташуу үчүн Сауд Арабиянын "Флайнас" авиакомпаниясы тандалып алынды.

"300 орунду Boeing 767-300 учагы алгач Сауд Арабиядан Кыргыз жерине бош учуп келип, 300 адамды Мекке шаарына алып барат. Ажылык сапар бүткөндөн кийин учак 300 ажыны Кыргыз жерине алып келип, бош учуп кетет. Бул түз чартердик рейс болгондуктан 4 рейстин 2 рейси бош учуп келүүгө туура келет. Ошондуктан бул коюлган баанын ичинде барып-келүү чыгымдары жана төлөмдөрдүн бардыгы кошо эсептелинген", - деп билдирди "Флайнас" авиакомпаниясынын өкүлү.

Буга чейинки жылдардагы ажылыкка барган Кыргыз жарандарын "Флайнас" авиакомпаниясы ташып келген.

Сауд Арабия Кыргыз өлкөсүнө 2019-жылдагы ажылык сапар үчүн 5485 квота берген. Учурда ажылык сапарга баруучуларды каттоого алуу иштери жүрүүдө. Бүгүн, 31-январда аягына чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Kychtyy
2019-01-31 20:59:40
Ото сонун баарыбызга ажылык парзды аткарышка аллах насип кылсын
+17
Farra16gsin
2019-01-31 21:43:58
Ошондо 5485 кишини 300 орундуу самолет 18 жолу ташыйбы? 36 жолу бош эле учабы?
+2
zevs
2019-01-31 21:52:31
Jalpy baasy uwunchaby je bawka dagy tolonobu.
0
Kojosh80
2019-01-31 22:08:50
Башка компаниялар менен келишсе болот бекер эле пустой келип пустой кетип бизге жакын компаниялар бар го
+2
oscar
2019-02-01 01:17:08
Бизнес
0
J1irg
2019-02-01 10:20:09
Арабтардын бизнеси онугуп жатат. Ислам арабтардын пропагандасы болуп калды. Ишеним бир гана журокто болуш керек деп эсептейм. Кудайды арабтардын жеринен, мечит, хиджаб, сакалдан издебей журоктон гана издейли.
+10
azamat85
2019-02-01 10:22:03
эптеп эле акча жеш керекта! Башка жакын олколодун (Казахстан, Китай, Россия) авиакомпанияларын колдонсо болбойбу?
+3
erlan2196
2019-02-01 11:03:17
Дин деселе эле арабтардын салтын, алардын жашоо образын кабыл албайлык. Ар бир элдин озунун озгочолуктору бар. Эн жаманы арабтар оздорунун кийген кийимдерин, сакалдарын жашоо маданиятын бизге дин деп алдап жатышкандары.
+6
meni_kut
2019-02-01 15:55:57
erlan2196,Туура япондун машинасын минбе ,ат мин сен кыргызсын.Кыздар маршруткада шапканарды,жоолугунарды чечип шокуло кийип жургуло.Ата бабабыз сексенге чыкса да сакал койбогон,сакал араптыкы))))

0
elebes86
2019-02-01 12:55:45
Арабтардын бейишине такыр ишенбейм. Бейишти укмак бар, кормок жок дейт. Андан коро арабтарга кетирген акчага озубузго копуро салып койгон жакшы.
-1
555-777
2019-02-01 13:54:49
elebes86,Сен арабтардын бейишине эмес Аллахтын бейишине ишен!!!
+6
bazar
2019-02-01 13:52:28
Байкуш кыргыз!.. Бейишке чыгасын. Акчаңы чачып жүрө бер. Атаң өлгөндө коштошу аземине келген конокторго бир мал сойуп койсоң "ашыкча чыгым" деп чыгышат. Анан өздөрүнө пайда түшчү жерлеринде уялбай санап беришет араптар. Бул акча сомго айландырганда жүз миң сом. Болжолду Москвага чейинки аралык. Миллиондогон акчалар чөнтөгүнө түшүп жатат.
-1
bazar
2019-02-01 13:54:22
Шайтандар дагы Мекеге барышты. Барып таш менен ургула
-2
meni_kut
2019-02-01 15:51:29
bazar,козуно бирдемелер корунуп атканго
-1
Suzak12
2019-02-01 20:58:03
бугунку кундун эн жакшы жанылыгы Аллахым бизге да насип кыл
+4
Benazir08
2019-02-02 09:15:23
Меккеге сапар байсалдуу болсун. Бирок мнеге каалаган убакта барышпайт экен да аа жылына бир эле жолу барышабы бир убакта?
0
Kymbatym
2019-02-02 10:24:14
Benazir08,Курман айт мезлинде барышат курман айтта ошол жакта болушу керек ажылык парз а башка убакта умра сапарына барышат өл сүннөт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан