Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагынын учурдагы абалын талкуулап жатат. Жыйында депутат Рада Туманбаева министрге борбордогу менчик төрөтканалардын кызмат акысы кымбат болуп жатканын, ошол эле учурда мамлекеттик төрөтканалардын шарттары начар экенин айтты.
"Мисалы, борбордогу менчик төрөтканада көз жарып, үч күн палатага жатканы үчүн эне 50 миң сом төлөйт экен. Ал төрөтканалар мамлекетке салык төлөп жатышабы?" - деди.
Министрдин "лицензиясы бар, төлөп жатышат" деген жообуна депутат канааттанбай, анын суроосун түшүнбөй калганын кошумчалады.
"Эмнеге биздин жарандар менчик төрөтканаларга барып, акчасын коротушу керек? Эгер менчик төрөтканалардагыдай жакшы шарттар мамлекеттик төрөт үйлөрүндө да бар болсо элге пайда болмок да", - деди Туманбаева. Министр Космосбек Чолпонбаев өлкөдө бир жылда мамлекеттик төрөт үйлөрүндө 170 миң ымыркай төрөлгөнүн, анын дээрлик баары мамлекеттик төрөт үйлөрүндө жарык дүйнөгө келгенин билдирди.