Ала-Бука районунда чатырда окуп жаткан 113 окуучу мектеп имаратына киргизилди

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагындагы Ажек орто мектебинде чатырда окуп жаткан 113 окуучу имаратына киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, балдар кыштын күнүндө сабактан эрте чыгуусу үчүн алар чатырда окутуп жүрүшкөн. Бул жергиликтүү бийликтин демилгеси болгон. Министрлик тарабынан райондук билим берүү бөлүмүнө окуучулардын окуу программасын чатырда окубагандай кылып өзгөртүү тапшырылды.

Ошондой эле Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигине аталган айылга жаңы мектеп курууну 2019-жылдын титулдук тизмесине киргизүүнү сунуш кылды.

Буга чейин Ажек орто мектебинин имараты кооптуу абалга келип, окутууга мүмкүн болбой имараттын жанына 3 чатыр тигилген. Анын ичинде жалпы 5-6-7-класста окуган 113 бала билим алып жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azatbek.Svoboda.
2019-02-01 13:12:25
Ана сага 2018-жыл региондорду онуктуруу жылы болгону!
+4
Kuba_502
2019-02-01 15:41:02
Кайран гана Ажегим
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан