Нарын районуна караштуу Кара-Кужур айыл өкмөтүндөгү ветеринарлар менен жергиликтүү калктын ортосунда жаралган маселе боюнча аталган айыл өкмөттүн башчысы Курманбек Аалиев жооп берди. Буга чейин аталган айылда жашаган окурман мал доктур айылдын чарба китебинде каттоодо турбаган малга маалым кат жазып бергенин айтып кабар жөнөткөн.
"Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн мал доктуру башка эле айыл өкмөттүн малын биздин айылдагы бир адамга каттатып, анан малды "соо" деп сатыкка чыгарууга уруксат берип жатат. Биздин айылдын салык багытындагы кызматкери башка айыл өкмөттүн малын өзүнүн наамына жаздырып, базарга сатыкка чыгарып жаткан жеринен күбө болдук. Ал окуяга айыл башчы да катышкан. Сатыкка чыгып жаткан мал 10 баш топоз болчу. Ал эч кимдин чарба китебине катталбаган, ортодогу мыйзамсыз мал. Каттоого алынбаса ага салык төлөнбөйт да. Мына ушинтип ортодо мамлекетке зыян келтиришет", - деген окурман.
Айыл өкмөт башчысы Курманбек Аалиев жаралган жагдай боюнча төмөнкүлөргө токтолду:
Окуя болгонуна 1 айга жакындап калды. Айыл тургунунан мындай арыз келип түшкөндө териштирүү иштерин жүргүзгөнбүз. 10 баш топозго сатыкка чыгаруу үчүн маалым кат жазып берген мал доктур айыл өкмөттө иштебейт. Азыр ветеринардын баары жеке өз алдынча иш кылып калышкан. Ошол себептен ким кайсы мал доктурга малын текшертсе, ошол ветеринардан маалым кат алып туруп сатыкка чыгара берет. Ал эми ветеринарлар кимдин малын карап, дарылап, маалым кат берсе, ошонун баарын тизмеге алып коё берет. Алардын үстүнөн биз жана райондук ветеринардык департамент көзөмөл жүргүзүп турат.
Сөз болуп жаткан 10 баш топоздун ээси менен сүйлөштүк. Ал топоздордун мурдагы ээсине алдын ала эле акчасын берип койгон экен. Алар чоңойо элек мамалак болгондуктан, жаңы төл катары чарба китепке кире элек болгон. Малды 2019-жаңы жылдын январь айына карата каттоого алдык. Ошондой эле буга укук коргоо органдары да аралашып, прокуратурадан бери келип текшерүү жүргүзүп кетишти. Сыягы, маалымат жиберген адам менен жергиликтүү ветеринардын ортосунда жаралган нааразычылыктан улам ушундай маселе келип чыккан окшойт.
Мындан тышкары мал ар дайым сатыкка чыгып же сырттан сатылып келип тургандыктан аларга карата маалым катты ар кайсы мал доктур жазып бере берет", - деди айыл өкмөтү Аалиев.