Эртең дзюдо боюнча Өлкө чемпиондугу старт алат

Эртең, 2-февралда Бишкек шаарында өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Өлкө чемпиондугу старт алат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Улуттук дзюдо федерациясынан кабарлашты.

Аталган мелдеш 2-3-февраль аралыгында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Бул мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген 15-17 жаштагы спортчулар катышат. Мелдеште эркектер жана кыздар арасында 16 салмак категорияда медалдар ойнотулат.

Мелдештин жеңүүчүлөрү эл аралык мелдештерге, Азия жана Дүйнө чемпиондуктарына өлкөбүздүн атынан барып катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан