Көрүнбөгөн балдар: Кыргыз жеринде 18 миңге жакын баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок

Кыргыз мамлекетинде 5 жашка чейинки 18 миңдей баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Бул маселеге байланыштуу бир апта аралыгында "Көрүнбөгөн балдар" аталышындагы акция орун алды. Коомчулуктун көңүлүн олуттуу көйгөйгө буруу максатында Бишкектин ар кайсы бөлүктөрүндө инсталляциялар коюлду. Анда катталбаган бала билим алуу, медициналык тейлөө, социалдык жактан коргоого алуу сыяктуу укуктарынан ажыратылары жазылган.

1-февралда БУУнун Балдар фондунун демилгеси менен аталган маселеге байланыштуу жыйын уюштурулуп, ага депутаттар, эксперттер, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү, ЮНИСЕФ, Евро Биримдиктин өкүлдөрү катышты. Анда жаңы төрөлгөн балдарды каттоого алууну жакшыртуу, балдардын жарандык албай калышы өңдүү көйгөйлөрдү жоюу талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан