Москвада метродо рельске кулап түшкөн Кыргыз жараны каза болду, анын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө каражат чогултулуп жатат

Москвада метродо рельске кулап түшкөн Кыргыз жараны каза болду, анын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө каражат чогултулуп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Ал сөөктү жөнөтүү боюнча уруксат кагаздар чогултулуп жатканын айтты. Ошону менен бирге Тергөө комитети дем алыш күндөрү иштебегендиктен маселе дүйшөмбү күнү чечилерин кошумчалады.

Маалым болгондой, маркум Асанов Б. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Октябрь айылында 2003-жылы туулган. Алар үй-бүлөсү менен Москвада жашап жатышкан. Ал 4 бир туугандын экинчиси болгон.

Окуя 1-февралда саат 12:20лар чамасында "Сходненская" станциясында катталган. Рельске кулап кеткен жаран тууралуу машинистке кабар берилгенде машинист поездди чукул токтотуп, бирок поезд жарандын үстүнөн өткөн. 2003-жылы туулган Асанов Б. аттуу Кыргыз жараны рельстердин ортосуна кулап кеткен. Анын баш сөөгү жабыркап, сан сөөгү сынган жана денесинин бир нече жеринен жаракат алган. Ал Москвадагы ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатып көз жумганы маалым болду.

Каражат которуу тууралуу маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу билсеңиздер болот.

+7 (965) 387-06-12 Улан Кошматов
+7 (966) 099-53-03 Кырбашев Эркинбек
+7 (926) 901-95-85 Күмүшбек Сейдакматов

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Tolkun555
2019-02-02 16:50:16
Аллах озу рахматыга алсын
+8
monster_high_98
2019-02-02 16:59:32
Чет олкодон соок бекер алынып келинет деп анча мактанышты эле...
Элди ушунча соргону аз келгенсип,соок алып келгени да ошол эле элден жардам сурап жатышабы?
Адам деле эмес экенсинер жогорудагылар!
Оз элинерге бир жардамынар тийбеген сон,силердин керегинер да жок эчкимге!!!

Жаштайынан эмнеге бармак эле,ата-энеси менен кор тириликтин айынан баргандыр!?!.
Жаткан жери жайлуу болсун.
+32
souza.j
2019-02-02 19:14:36
monster_high_98,жакындары документтерин тапшырып кайрылса анан берсе керек. Соок келгенден кийин толонуп берилет.
-1
shahlet
2019-02-03 14:09:16
monster_high_98,эч кандай берилди деп айтыл элек.Бирок ар кандай шылтоо табышат ага даты
0
zevs
2019-02-02 17:17:06
Ne bolup relske tuwup jatat. Biro turtup jiberdibi je taygalanyp kettibi je ozu sekirdibi toluk maalymat berip koysonor.
+13
barsa30
2019-02-03 02:23:33
zevs,менин угушумча аркы эшигине жолонуп турган
Ошол ачылып кетип түшүп кеткен. Ошондуктан туугандар эски метрого түшкөндө абайлагыла.
+1
dirol
2019-02-03 10:33:47
barsa30,поезд келгенче рельске тушуп атса кантип эшигине жолонуп турат?
+6
Azatbek.Svoboda.
2019-02-03 17:30:12
barsa30,ХХХ поезд келгиче ал бала рельске кулаган. Машинистке кабар бергенде машинист чукул тормоз берип токтоткон а бирок ага карабай тебелеп кеткен деп турат. Теманы окубай эле ура бересин?!Сага окшогондор келет экен деген созду келип кетиптир кылып чыгарат!
+3
Paprikafm
2019-02-02 19:24:49
Ушул эле соңку кабардан окуп жаттыкго, октябрьдан тарта бекер болот деп, супер инфо билип тактап беренер, эмнеге алдайт жарандарды
+11
Azatbek.Svoboda.
2019-02-03 17:33:17
Paprikafm,Ал жемкорлордуку жазуу турундо эле калып иш жузуна ашпайт! Президенттин айткан созу кылган иши менен ажырашып кететко анан калганы жыргатмак беле?!
0
zzari-83
2019-02-02 19:36:30
Чын эле эмне бп ,кантип түшүп кетти экен?Же бирөө түртүп ийдиби,же талмасы кармап калдывы ,түшүнүксүз...Арты кайырлуу болсун.Өкүнүчтүү...
+9
Nevestkaa
2019-02-02 21:19:21
Сөөктү алып келүүгө 50 000 бөлүнөт деп атышпады беле?Тирүүсүндө жыргатпаган өлгөндө жардам берип бөлүнгөн акчаны бергиле тешип чыккырлар.
+9
Gulnyr19
2019-02-02 21:35:20
Мамлекетибиз оңолоор бекен же ушинтип тентип жүрүп карып кете беребизби бөтөн эл,бөтөн жерде. Бизго мейли балдарыбыздын келечеги кандай болоор экен деген ой келет. Арты кайырлуу болсун,Аллахым бейиштен орун берсин. Ата-энесине сабыр тилейм.
+8
Saidochka
2019-02-02 22:05:47
Бекер алынып келинет деген убада асманга тумандай учуп жок болдубу?ушуну боюнча так маалымат берип койсонор
+8
Sogushov
2019-02-03 08:36:07
Saidochka,туура айтасын мен да сага кошулам жаны типа закон чыкса керек еле ошондой посольство жеткире турган
+4
suban78
2019-02-03 11:08:12
Сбербанк карточкасынын номерин эле жазып койсонор болмок ага чал буга чал болбой. Котороюн десем азыр суйлошо албайм, бул жерде угулбайт. Бир аздан кийин.
Келгиле элуу сомдон болсо да которолу.
+1
nuri1
2019-02-03 14:33:30
Тенирим кырсыктан сактасын
+1
kokboru
2019-02-03 18:51:12
Урматтуу супер инфо,чет жакта каза болгондорду бекер мамиилекетке алвп келебиз деген маалыматты тактап бкриңизчи тийиштүу жерлерге кайрылып.Себеби кече жакында эле 2018- ж сөөкту эми бекер алып келебиз деп жарыялаган болчу өкмөт башчылары
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан