"ЭЛДИК КАБАРга жооп": Оштогу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы: "Унаасын тыюу салынган жерге токтоткон инспектор окурманга сөгүнбөгөнүн айтууда"

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман "Ош шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери унаасын тыюу салынган жерге токтотуп алыптыр. Ага бул жоругу тууралуу айтсам, кайра мени сөгүп салды" деп билдирген эле.

Окурмандын жөнөткөн сүрөттөрүндө чындыгында инспектор унаа токтотууга мүмкүн эмес экенин белгилеген жол белги турса да унаасын токтотуп койгонун көрүүгө болот.

Бул боюнча Ош шаарындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы комментарий берип: "Инспектор эч ким менен айтышпаганын айтууда. Унаасын токтотуп телефонун оңдотууга кирген экен. Кайра чыкканда ошол окурман унааны туура эмес жайга токтотту деп сүрөткө тартып жатыптыр. Кечирим сурап, унаасына отуруп кетип калганын билдирди", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
souza.j
2019-02-02 19:26:42
Сокчудой эле экен кейпинде
+7
bond02
2019-02-02 19:45:04
Олгончо карганат деген ушул да.
+7
Nevestkaa
2019-02-02 21:28:56
Ушул эле болсо кечирим сурайт,ата жотосуна чейин сөгүп анан шашпай отуруп кеткендир.
+8
almanbetperm
2019-02-02 22:26:47
Кечирип койчу укам депби аааа
+3
semo
2019-02-02 22:27:47
Неге штраф тологон жок жоопко тартыш керек закон баарына бирдей
+5
Chungyz
2019-02-02 23:24:17
Уялбайт кен маи
+3
tular
2019-02-03 10:13:54
Эмнеге протокол тузулгон жок?!
+1
Parish
2019-02-03 22:35:48
Буламык жеген баладай го, шоферду кантип сокпой койсун.Баарыбызга эле белгилуу да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан