Интернетте улгайган адамга кол көтөргөн балдардын видеосу тарады. Видеодон эки бала баштык көтөргөн адамды келекелеп, кол көтөргөнүн көрүүгө болот.
Көп өтпөй аксакалга кол көтөргөн балдар кылган ишине өкүнүп, кечирим сурап жаткан тасма жарыяланды. Видеого тартып жаткан адам аларды кечирим суроого мажбурлап жатканын байкоого болот.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, улгайган адамга кол көтөргөн балдар Оштогу окуу жайлардын биринин студенттери экендиги аныкталды. Ошондой эле белгисиз адамдар тарабынан кечирим суратып тартылган видеону өздөрүнүн тааныштары тартышканы белгилүү болду.
"Окуя Ош шаарында болгондугу жана видеотасмадагы жарандардын 17 жаштагы шаар тургундары экендиги аныкталды. Алар өздөрүнүн бул аракеттерин жабыр тарткан адамдын "ичимдик ичип, өздөрү жашаган аймакка көп келе бергендиктен ушундай кылдык" деп түшүндүрүштү.
Видеотасма тарап кеткен соң, жасаган кадамдары туура эмес болуп калгандыгын сезишип, тааныштарынын жардамы менен кайрадан видеого тартылышып, кечирим сураган видеосун интернетке жүктөгөнү үчүн аксакал адамдан кечирим сурашты. Балдардын биринен кастет алынды. Жабырлануучу үч кыздын атасы, Оштогу мекемелердин биринде кароолчу болуп иштеген 58 жаштагы жаран жигиттердин үстүнѳн арыз жазуудан баш тартты. Иликтөө иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта