Бүгүн, 3-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, депутаттар, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышты.
Корчубек Акназаровдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Советтик-партиялык, коомдук ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров 97 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты. Ал 1922-жылы 1-августта Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.
Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн К.Акназаров 1966-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку наамына татыктуу болгон. Ал эки Ленин, Октябрь революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жетишкенде да парламентке депутат болгон.