SUPER.KG порталынын "Медиа-Портал" бөлүмүндөгү "Элдик видеого" "Бишкекте балдар топ болуп мушташып кетишти" деген видео жүктөлдү.
Видеодон 10го чукул жаштардын тобу көңүл ачуучу борбордун алдында турушканын көрүүгө болот. Массалык мушташка катышкандардын бирине сокку тийгенден кийин жерге кулаганы да видеого түшүп калган. Окуя болгон жерге бат эле көп адам чогулуп калганы байкалат.