Бүгүн, 4-февралда парламент комитетинде 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө маселе каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, экономика министри Олег Панкратов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров жасайт.
Мындан тышкары Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" өкмөттүн токтом долбоору, "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасын ишке ашырылышын жакшыртуу тууралуу депутаттар тобунун сунуштары талкууланат.