Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеӊеште мектеп окуучуларынын өлкөнүн билим берүү тутумуна толук тартылышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Конституцияда акысыз билим берүү укугу кепилденип, негизги жалпы билимге милдеттүүлүк белгиленген. "Билим берүү жөнүндө" мыйзамда жалпы билим берүүнүн бардык үч деңгээли башталгыч жалпы, негизги жалпы, орто жалпы билим берүү кепилденет. Бир жылда орто эсеп менен өспүрүмдөр тарабынан жасалган 980 жана өспүрүмдөргө карата жасалган 1 070 кылмыш иши катталды. Ушу тапта 9-классты бүтүргөн 13 миӊден ашуун бала билимин андан ары уланткан жок. Ал эми 15-16 жаштагы балдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү жок, эмгек мыйзамында чектөөлөр болгондуктан аларды ишканалар жумушка албайт. Ошондон улам негизги жалпы билим алган жактарга милдеттүү акысыз билим берүү чарасын киргизүү демилгеси сунушталууда", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.