Бүгүн Рак менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул дарттан дүйнөдө мүнөт сайын 17 адам каза болот

Бүгүн Рак менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Буга байланыштуу бүгүн борборубузда онкологиялык ооруларга, башкача айтканда, Кыргыз өлкөсүндө ракка каршы "Бул мен жана мен жасайм!" аталышындагы маалымат жыйын уюштурулууда.

Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө мүнөт сайын рактан 17 адам каза болот.

Кыргыз өлкөсүндө рактан каза болгондордун көрсөткүчү кургак учуктан жана СПИДден каза болгондордон дагы жогору болууда.

2017-жылы өлкө боюнча рактан каза болгондордун саны 3501 адамга жетип, алгач 5526 адамга диагноз коюлган.

Ал эми 2018-жылга карата рактан жабыр тарткандардын так көрсөткүчү аныктала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Samat777
2019-02-04 14:21:00
Атын өчкүр бул оору менин эжемди да кыйнап келет. Эч кимге мындай оору бербесин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан