Жогорку Кеңеште Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө сый акы төлөө сунушталууда

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө сый акы төлөө сунушталууда. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Төрөбай Зулпукаров билдиргендей, кеңештин мүчөлөрүнө ай сайын сый акы төлөө керек.

"Кеңештин курамынын санын 24төн 9 адамга кыскартууда сотторго келген иштердин көлөмү 3 эсеге көбөйүп, отурумга талап кылынуучу документтерди түзүүнү даярдоо жана тиешелүү иштер менен таанышууга убакыттын чыгымдалышы өстү. Кеңештин мүчөлөрү аткарган иштин көлөмүн коомдук гана деп эсептөөгө мүмкүн эмес, анткени ал мамлекеттик маселелерди аткарат жана кандай гана болбосун эмгек акы катары төлөөнү талап кылат", - дейт Зулпукаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zevs
2019-02-04 10:37:59
Siy akyny ozdoru ele taap alat ubara bolboy ele koygula.
+4
Ice-creme
2019-02-04 11:54:02
Озунор сыйлап журо бергиле.
+3
guard
2019-02-04 18:36:49
Баскан-тургагынарга чотала сурабай,жоголгулачы ошондон ары,пайдасыз сот-потунар менен чогулуп туруп...
+1
munar1980
2019-02-05 03:07:48
Ошрндон коро канчалаган мекендештерибиз боор илдети менен жабыркап келет ошолорго жардам берсенер боло ал эми тандоо кенеш мучолору озулору эле таап алышат ким кепилдик берет копупция жок деп сотто
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан