Парламентте 2018-жылы 6 миллиард сомго республикалык бюджет аткарылбай калганы айтылды

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында 2018-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышынын алдын ала жыйынтыктары жөнүндө маселе каралып жатат.

Анда депутат Зиядин Жамалдинов бюджет канча миллиард сомго аткарылбай калганын сурады.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдиргендей, бюджет 95,7 пайызга аткарылды. Анын айтымында, бюджет 6 миллиард сомго аткарылбай калды.

Жамалдинов: "Ноябрь айында план алып келип, бюджеттин аткарылышы боюнча прогнозду туура эмес койгонсуңар. Эмне себептен ушундай болду. Бюджеттин аткарылбай калганы боюнча бирөө жоопкерчиликке тартылышы керек", - дейт.

Вице-премьер-министр Замир Аскаров мамлекеттик ишкана, мекемелер менен акылдашып план коюлганын айтты. "Канчалык көп план койсок, ошого аракет жасалат. Жакында өкмөттө аталган маселе боюнча жыйын өтүп, жыйынтык чыгат", - деди вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан