Ош шаардык кеңеши ВИЧ инфекциясы менен ооруган энелердин балдарына сүт азыктары үчүн акча бөлүүдөн баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев кабарлады.
Султангазиев шаардык кеңеш сүт азыктар үчүн акча бөлүп бербесе, ВИЧ инфекциясын жугузуп алган энелер балдарын эмне берип багат деп тынчсызданууда.
"ВИЧ инфекциясын жугузуп алган энелер көз жарса, баласына 1 жашка чыкканга чейин сүт берилиши керек. Эмчек эмүүсүнө болбойт. Анткени инфекция балага да жугуп калат. Ошондуктан баланы сүт менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бийлик мыйзам чегинде атайын каражат бөлүп турат. Ош шаардык кеңештин каржы маселелери боюнча комитети сүт азыктарына деп бөлүнчү быйылкы 2 миллион сомду кыскартып салыптыр. Бирок бүгүн шаардык кеңештин төрагасы биздин активисттерге байланышка чыгып, 2 миллион сом кайра кайтарыла турганын айтыптыр. Кайтарылбаса сотко берели деп жатканбыз. Анткени ВИЧ инфекциясын жугузуп алган энелердин бир жашка толо элек балдарынын саны учурда 12 , ошондой эле дагы 10 эне кош бойлуу экен. Аларга каражат каралбаса балдарын эмне кылып бакмак эле?" - деди Султангазиев.