Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Кубанычбек Нурматов өкмөт өкүлдөрүнүн көӊүлүн мунайзат өнүмдөрүнүн аткезчилик жол менен ташылып келип жатканына бурду.
"Өлкө аймагына 20 миӊ тоннага чейин мыйзамсыз күйүүчү май алып келинүүдө. Бул тууралуу силерде маалымат бар, бирок ушул кезге чейин иштиктүү чаралар көрүлгөн жок же алыӊар жетпей жатат", - деди ал.
Ошондой эле ал акциздик маркаларга көзөмөл милдетин Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигинен алып, Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүү керектигин кошумчалады.
Бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында 2018-жылга карата республикалык бюджет тууралуу маселе каралды.