Депутат Жогорку Кеңештин жыйынына катышпаган эл өкүлдөрү иш сапар менен чет мамлекеттерге барып жатканына нааразы болду

Депутат Евгения Строкова Жогорку Кеңештин жыйынына катышпаган эл өкүлдөрү иш сапар менен чет мамлекеттерге барып жатканына нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-февралда парламенттин комитет жыйынында билдирди.

"Билим берүү маселеси боюнча чет мамлекетке барган депутаттар тийиштүү комитеттин мүчөлөрүнө ал жерде айтылган көйгөйлөр тууралуу эч нерсе айтышпайт. Жогорку Кеңештин жыйынына катышпаган эл өкүлдөрү иш сапар менен чет өлкөлөргө барышат", - дейт Строкова.

Депутат Садык Шер-Нияз чет өлкөгө башка комитеттин мүчөлөрү барып жатканын айтты. "Маданият, социалдык маселелер боюнча башка комитеттин депутаттары чет мамлекетке барып жатышат. Маданият маселесине барган депутаттарга таң калам, алардын маданият менен эмне иши бар?" - деди Садык Шер-Нияз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан