Чүйдө 14 жаштагы Анаркүл Жоошбаева изделүүдө

Чүйдө 14 жаштагы Анаркүл Жоошбаева изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, изделип жаткан өспүрүм кыз 3-февраль күнү Байтик айылындагы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 150-155 сантиметр, чачы кара түстө жана тармал.

Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү күрмө, кара шым жана кара бут кийим.

Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери сүрөттөгү кызды көрүп-билгендер болсо төмөндөгү телефон номерлери аркылуу байланышууну өтүнөт:

(0312) 43-01-27, (0312) 36-35-23, (0550) 51-09-05, (0704) 31-25-05, (0550) 34-33-63.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
patiydin
2019-02-05 05:39:33
Кун ыссык болгондо колдон табылат эле. Эми бул кызды Оштон же Жалалабаддан издегиле.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан