ЖЫЛНААМА, 5-ФЕВРАЛЬ: Жогорку Кеңештин 3-4-чакырылыштарынын депутаты, Бишкектин экс-мэри, меценат Аскар Салымбеков 64 жашка толду

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-4-чакырылыштарынын депутаты, Бишкектин экс-мэри, меценат Аскар Салымбеков 1955-жылы 5-февралда Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган.

Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн.

Дене тарбия институтунда комсомол комитетинин катчысы болуу менен эмгек жолу башталган. Кийин Кыргыз комсомолунун Борбордук комитетинин аппаратында бөлүм башчы, Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1991-жылы Бишкек шаарында "Дордой" базарын уюштурган.

Аскар Салымбеков 1999-жылдан 2005-жылга чейин Нарын облусунун губернатору болуп иштеген. Ошондой эле ал республиканын спорт боюнча журналисттер федерациясынын президенти, көк бөрү оюнун жаңыча уюштуруунун демилгечилеринин бири. "Дордой" футболдук клубун жана көк бөрү командаларын негиздеп, аларга камкордук кылып, белгилүү спортчуларга, көрүнүктүү чыгармачыл инсандарга демөөрчү болуп, кайрымдуулук акцияларына да активдүү катышып келет.
Ушул жылдын 24-январында БАЭден Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген футболчулар жана өлкөдөгү футболдун өнүгүүсүнө салым кошкон адамдар мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушкан. Анын ичинде "Дордой" спорт клубунун президенти Аскар Салымбековго III даражадагы "Манас" ордени тапшырылган.
5-февралга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RaHat19
2019-02-05 10:27:57
Туулган кунунуз кут болсун ден соолугунуз чын болуп коп жашаныз.эмгегиниз тоо которгуз
0
Bakyt07
2019-02-05 11:48:49
Туулган кунунуз Кут болсун ден соолукта болуп коп жашаныз.

-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан