ЖЫЛНААМА, 5-ФЕВРАЛЬ: Белгилүү португалиялык футбол жылдызы Криштиану Роналду 34 жашка толду

Бүгүн белгилүү португалиялык футболчу, "Ювентус" курама командасынын капитаны жана чабуулчусу Криштиану Роналду 34 жашка толду. Ал Португалиянын Мадейра аралындагы Фуншал шаарында төрөлгөн. Атасы Жозе Диниш Авейру менен апасы Мария Долореш душ Сантуш Авейру уулунун атын АКШнын 40-президенти Рональд Рейгандын атынан коюшкан. Атасы жергиликтүү "Андоринья" футбол клубунун администрациясында иштегендиктен келечектеги футбол жылдызынын алгачкы машыгуулары дал ушул клубдан башталган. Криштиану Роналду үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Ал профессионалдык карьерасын "Спортинг" футболдук клубунда баштаган. 2001-жылы дебют жасап, биринчи оюнунда гол киргизген. 2003-жылы Роналду англиялык "Манчестер Юнайтеддин" курамына кошулуп, 2004-жылы Англиянын кубогун уткан. Бул клубдун курамында 3 ирет Англия Премьер-Лигасын утуп (2007, 2008, 2009), 2008-жылы 31 голу менен мелдештин башкы бомбардири аталган. 2008-жылы УЕФАнын Чемпиондор Лигасында жеңишке жетип, ал жактан дагы башкы бомбардир болгон (8 гол).
2009-жылы Криштиану Роналдуну "Реал Мадрид" футболдук клубу 94 миллион еврого сатып алып, ошол кездеги бир футболчу үчүн төлөнгөн сумма боюнча жаңы рекорд койгон.
Мадриддик клуб менен португалиялык футболчу 2012-жылы Испаниянын чемпиондугун уткан. Португалия курама командасынын жана мадриддик “Реалдын” тарыхындагы мыкты бомбардири эсептелет. Португалиянын курамында 154 оюнда 85 гол киргизсе, “Реалдын” курамында 438 оюнда 450 гол киргизген.
Европадагы лигалардын бомбардирлерине ыйгарылуучу “Алтын бутса” сыйлыгын карьерасында 4 ирет алган. Ал эми анын башкы атаандашы Лионел Месси 5 ирет "Алтын бутса" сыйлыгына татыган.
Португалия курама командасы менен Криштиану Роналду 2004-жылы Европа чемпиондугунун финалына чыгып, бирок анда жеңишке жете албай калган.
Криштиану Роналду 2008, 2013 жана 2014-жылдары ФИФАнын версиясы боюнча "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталган.
2014-жылы Роналду Португалиянын президенти Анибал Каваку Силва тарабынан "Падыша Генрих" ордени менен сыйланган.
"Forbes" журналы изилдөөсү боюнча Криштиану Роналду 2016-жылы эң көп киреше тапкан спортчу болгон.
2018-жылы ал 2009-жылдан тарта ойногон "Реал Мадрид" курама командасынан "Ювентус" италиялык клубуна өткөн. Футболчуну 112 миллион еврого сатып алышкан.
2010-жылы Криштиану Роналду кезектеги жарнамага тартылуу учурунда орусиялык модель Ирина Шейк менен таанышкан. Ошондон тарта алардын ортосунда сүйүү оту тутанып, эң атактуу делген түгөйлөрдүн катарын толукташкан. Бирок 2014-жылы футболчу "Алтын топ" сыйлыгын алууга жалгыз келген. Дал ушул аземден кийин жылдыздуу түгөйлөрдүн эки айрым жолго түшкөндүгү тууралуу кептер тараган. Көп өтпөй футболдун жана подиумдун жылдыздары кол үзүшкөндүгүн жар салышкан. Айрым маалыматтарда ажырашуу Шейк Роналдунун апасына жакпай калганынан улам келип чыккан деп айтылган.
2016-жылы футболчу модель Жоржина Родригес менен мамиле түзүп жатканы белгилүү болгон.

2017-жылы алар Алана-Мартина аттуу кыздуу болушкан.
Криштиану Роналду 4 баланын атасы. Алгач спортчу ата статусуна 2010-жылдын 17-июнунда ээ болгон. Азыркы убакытка чейин баланын апасы ким экенин сыр бойдон сактап келет. Андан соң футболчу карын эне жалдап, Маттео жана Эва аттуу эгиз балалуу болгон.
2019-жыл Криштиану Роналду үчүн жемишттүү болуп башталды. Себеби 5-ирет "Globe Soccer Awards" сыйлыгынын "Жылдын мыкты футболчусу" аталды. Сыйлык 3-январда Дубайда тапшырылган.
5-февралга карата жылнаама
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azat.97
2019-02-05 16:14:25
Туулган кут болсун Криш.Легенда!
+5
Romantik.
2019-02-05 19:59:34
Тирүү легенда!!!
+4
Kristianuronaldu
2019-02-05 22:33:23
Криш кайсыл жерде демек женищ ошол жерде туулган кунун мн @cristiano
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан