"Forbes" журналы 2016-жылы дүйнө жүзү боюнча эң көп киреше тапкан 100 спортчуну атады. Аталган рейтингде алган айлыктары, ар кандай бонустар жана жарнамалардан түшкөн каражаттары эсептелинген.
Биринчи орунду португалиялык футболчу, “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду ээледи. Ал өткөн жылы 88 миллион евро тапкан (56 миллион евро клубдан, 32 миллион евро жарнамаларга тартылуудан). Экинчи болуп тизмеде “Барселона” клубунун футболчусу Лионель Месси жалпы 81,4 миллион (53,4 миллион евро клубдан, 28 миллион евро жарнамадан) киреше тапкан. Америкалык баскетболчу Леброн Жеймс 77,2 миллион евро (23,2 миллион евро клубдан, 54 миллион евро жарнамадан) менен үчүнчү орунда.