Бүгүн, 5-февралда Ички иштер министрлигинин жетекчилери Бишкекте маалымат жыйын өткөрүүдө.
Жыйында ички иштер органдарынын 2018-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү жана сот реформасынын алкагында жаңы кодекс менен мыйзамдарды ишке киргизүү аракеттери тууралуу сөз болууда.
Андан сырткары жетекчилер ички иштер органдарындагы талкуу жараткан маселелер боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.
Маалымат жыйынга ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, орун басарлары Сүйүн Өмүрзаков, Алмаз Орозалиев жана Мирлан Каниметов катышып жатса, жалпыга маалымдоо каражаттарынан 55 журналист катышууда.