Кашкар Жунушалиев январь айындагы милиция кызматкерлердин жасаган кылмыштары боюнча үн катты

Бүгүн, 5-февралда Ички иштер министрлигинин жетекчилери Бишкекте маалымат жыйын өткөрүүдө. Жыйындын жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Жунушалиев январь айындагы милиция кызматкерлердин жасаган кылмыштары боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Акыркы айда ЖМКларга чыккан тартип жана мыйзамсыз иштери боюнча айта кетейин, Бишкекте мас абалда жол кырсыгына кабылган кызматкерди эч ким актай албайт. Андай кызматкерлер мыйзам чегинде жазага тартылышы керек. Ар бир адам ким болбосун унаа айдоонун алдында ойлонуш керек. Буларды кылмышкерлер деп айтсак болот. Кылмыш иши ачылып, аны камакка алуу кабыл алынган. Учурда ал ооруканада жатат.
Ошондой эле биздин ички иштер органдары пара талап кылып жаткан кызматкерлерди кармаган. Зордуктоо боюнча айтып кетейин, ал бала биздин кызматкер. Биз ачык-айкын чыгарбаганда билинбей калмак. Биз андайга барбайбыз. Бизге татыксыз кызматкерлерден арылуу, ишенимди алып келүүнү президент тапшырды", - деди Жунушалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tekecher
2019-02-05 12:19:18
Молодец
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан