Бишкек шаардык мэриясына жылуулук жана электр энергиясы тармагына нааразы болуп кайрылгандар көбөйдү

Бишкек шаардык мэриясына жылуулук жана электр энергиясынын берилүүсү боюнча даттанып кайрылгандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өткөн апта ичинде мэриянын Call-борборуна шаар тургундарынан жалпы эсепте даттанып чалгандардын саны 219 адамды түзгөн. Анын ичинен эң көп нааразычылыктар жылуулук берүү тармагына карата айтылса, андан кийинки санда электр энергиясы боюнча арыз-муңун айткандар көп. Ошондой эле көчөнү жарыктандыруу иштерине канааттанбагандардын саны да арткан.

"Муниципалитеттин Call-борборунун номери өзгөргөнүн кабарлайбыз. Эми шаардын жашоочулары кайсы бир маселени айтуу үчүн 1840 жана 1850 кыска номерине байланышса болот. Номердин өзгөрүүсүнө "Кыргызтелеком" ишканасы эми кыска номерлүү байланыштарды 3 санынан 4 санына өткөрүп жатканына байланыштуу болду. Мындан улам мурдагы 185 кыска номери эми иштебейт. 1840 жана 1850 номерлерине жарандар күнү-түнү чала алат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан