Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы көрүстөндөрдүн жанында бикиничен модель кызды сүрөткө тарткан сүрөтчү Артур Болжуровдун ишине юридикалык баа берилет. Бул тууралуу 5-февралда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-февралда сүрөтчү Артур Болжуров өзүнүн социалдык баракчасына мүрзөнүн жанында бикиничен түшкөн кыздын сүрөтүн жарыялап, "Комментарийсиз, 2008. Биринчи жолу жарыяладым" деп жазган. Фотографтын жергиликтүү басылмаларга берген маалыматында сүрөт 2008-жылы Тоң районунун Кажы-Сай айылында тартылганын айткан. Ал эми сүрөттү автор жеке баракчасынан өчүрүп салган.
"Бул факты боюнча автордун аракетине карата юридикалык баа берилет. Учурда Тоң РИИБи тарабынан катталып, тергөө иштери башталды", - деди басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов.