Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин планы дээрлик 6 миллиард сомго аткарылбай калды

2018-жылы Мамлекеттик бюджетте 141 миллиард 500 миллион сом киреше күтүлгөн, бирок жыл жыйынтыгында 135 миллиард 400 миллион сом киреше алынганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, муну менен мамлекеттик бюджетке дээрлик 6 миллиард сом кем түшүп, бюджеттик план 95,7 пайызга гана аткарылган.

Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышынын алдын ала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдиргени жазылат кабарда.

Депутат Зиядин Жамалдинов алдын ала белгиленген план кем аткарылганын эске салып, бюджеттик пландын аткарылбай калуу себептерине кызыкты. Ал бюджеттик план:

салык боюнча 2 миллиард 300 миллион сомго,

бажы боюнча 1 миллиард 800 миллион сомго,

трансферттер боюнча 1 миллиард 900 миллион сомго,

мамлекеттик мүлк боюнча 200 миллион сомго кем аткарылганын айтты.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кезинде пландын оптималдуу эле жолу сунушталганын белгилеп, "планды аткаруу боюнча бардык аракеттер жасалды. 141 миллиард 500 миллион сом такталган план болчу, тилекке каршы, ал аткарылбай калды", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erik2018
2019-02-05 13:29:48
Казыанага түшчү каражаттар ар кандай болушу ыктымал ошого. Акчаны натыйжалуу жумшоо керек.
0
altyn7776
2019-02-06 15:25:26
Шайлоо деп таштап койду да баары. Эксажо жатты ботолкосун шимирип, премьерлер кытайлыктар менен жен ичинен соодалашып журду. Мына жыйынтык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан