Депутат Дастан Бекешев унаанын сыртындагы жазуу үчүн айып пул салуу туура эмес экенин айтты. Мындай пикирин ал бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
"2018-жылы Караколдун тургуну унаасында "кумшекер сатылат" деген жазуу үчүн айып пул салганын айтып кайрылган. Болбогон жазуу үчүн айып пул салуу туура эмес. Кандай учурда айып пул салынат? Аны төлөбөө үчүн айдоочунун жанында кандай документтери болушу керек? Түшүнүксүз нерселер көп", - деди Бекешев.
Буга ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов транспорттук каражатка атайылап кандайдыр бир жазууну же жарнаманы чаптаткан айдоочу жоопкерчиликке тартыларын билдирди.
"Транспорттук каражатка жарнама атайын чапталган болсо айдоочу жооптуу болот. Эл аралык нормага ылайык, эгер айдоочу кандайдыр бир жазуусу бар же унаасына жарнама жайгаштырылып өлкөдөн чыга турган болсо кыйынчылыктарга туш болот. Бүгүнкү күндө Индия менен Пакистанда гана унааларга жарнама жайгаштырууда эч кандай чектөө жок. Ал эми биздин өлкөдөгү киргизилген чектөөлөр унаа жарнаманын объектисине айланбоосун көздөйт. Унаанын алдыңкы жана арткы бөлүгүндө кандайдыр бир жазуу болууга болбойт", - деди ал.
Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Эреже бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.