Темир жолдун рельстеринин 17 пайызы алмаштырууга муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын директору Канатбек Абдыкеримов билдирди.
"Кыргыз өлкөсүндө темир жолдун узундугу 424,6 чакырымды түзөт. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы орточо эсеп менен 25 чакырым темир жолду модернизациялап, темир бетон шпал коюп жатат. 295 миӊ темир бетон шпал коюлушу керек, ага 1 миллион 885 миӊ сом керектелет.
"Кыргыз темир жолун" модернизациялоодо стратегиялык милдеттердин бири паркты жүк вагондор менен толуктоо болуп саналат. Парктагы жүк вагондордун 53,3 пайызы иштебейт. Социалдык жактан маанилүү болгон жүк ташууларды (Бишкек ЖЭБи үчүн Балыкчы станциясынан көмүр ташуу, "Кайыӊды кант" заводуна кант кызылчасын жеткирүү) камсыздоо үчүн жарым вагондорду сатып алуу маселеси курч бойдон турат", - дейт Абдыкеримов.
Анын айтымына караганда, чарбалык субъектилердин керектөөлөрүн толугу менен камсыздоо үчүн 2019-жылдан тартып 2025-жылга чейин жалпы суммасы 602 миллион сомдон ашуун каражатка 200 жүк вагонун жана 60 жүргүнчү вагонун сатып алуу талап кылынарын кошумчалады.