“Супер-Инфо” гезитинин редакциясына куудулдар баштаган топ жарамазан айтып келишти

Бүгүн, 23-июлда белгилүү куудул, акындар баштаган жарамазанчылар тобу “Супер-Инфо” гезитинин кеңсесине жарамазан айтып келишти. Аккордеон, комуз, гитара өңдүү музыкалык аспаптар менен шаңдуу кирип келген топ редакция кызматкерлеринин маанайын көтөрүштү. Алгач төкмө акын Сапарбек Зулпуев босогону аттап, уйкаш саптарын жаадырды. Жарамазанчылар: белгилүү куудул Жамбыл Камчиев, ырчылар Болот Алымкулов, Ийгилик Курулушов жана Советбек Темиров, Муратбек Темиров. "Жарамазан айтып өлкөнүн 7 дубанын кыдырып чыгабыз",- дейт Жамбыл Камчиев. Жарамазанчыларга редакциянын белеги тартууланып, алар салт боюнча ак батасын беришип, сапарын улантышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
sesh_elya
2013-07-23 12:30:16
Super info emne belek berdiner? ))
0
Umka220190
2013-07-23 12:33:01
sesh_elya, кичине чыдап турсаңыз, видеосу чыгат. Ошол жерден көрө аласыз ))
0
gooool
2013-07-23 12:33:59
ооба чын эле эмне белек бердинер???...видеосу болсо жуктогулочу сураныч!!!
0
admin_superstan
2013-07-23 12:35:28
gooool, Саламатсызбы!
Видеосу сөзсүз жүктөлөт.
0
MaRmeLaDka
2013-07-23 12:36:45
Кызык эле адамдарбыз. Дароо эле белекти эмне берди экен деп кызыгышыптыр))).
0
Датка кыз
2013-07-23 12:37:38
Жамбыл брат уюштурса керек, ээ? Азаматсыз! Кыргыз Жиммиси да журот, Болот Алымкулов агабыз. Индия ырларын жаман тытат да ушул агабыз. сапарбек аганын оноруно болсо соз жок. Баарыныздарды сыйлайм.
0
uvay
2013-07-23 14:06:12
Эми каякка жол алдылар экен.
0
blak.star.kg
2013-07-23 16:22:25
Биз да белегибизди даярдап туралы. Кокусунан эшик кагып кирип келбесин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан