"Манас" аэропорту курчоого алынды. Сыртына көчмө дааратканалар коюлууда

"Манас" аэропорту толук курчоого алынып, учурда УКМК менен ИИМдин кызматкерлери бомбаны издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматкери билдирди.

"Учурда эч кандай маалыматтар жок, жарандар толук сыртка чыгарылып коопсуздукту сактоо иштери жүрүүдө. Каттамдар боюнча азырынча кармалып калгандар болгон жок. Ал эми 17:05те уча турган бир каттам бар экен. Бирок ага чейин убакыт бар болгондуктан азырынча алар убагы менен учабы же кечиктирилеби белгисиз. Бул жакта тактап жатышат. Эгерде башка да маалыматтар чыкса, биз кабарлайбыз", - деди басма сөз кызматы.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары аэропорттун тегерегине дааратканалар коюлуп жатканын кабарлашууда.

Буга чейин "Манас" аэропортунда бомба бар деген маалымат тарап, эл сыртка чыгарылган болчу. Ошондой эле аэропортко баруучу жол да тосулуп, унаалар өткөрүлбөй жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
warcaw
2019-02-05 17:03:45
Бирөө мас болуп чалдым эле аялым мени таштап чет өлкөгө учуп кетип атат эле деп эртең бирөө чыкпаса болду эми...
Тынчылык эле болсун.
+1
Samar90
2019-02-05 17:06:19
Жалган малымат табылса кату жазалагыла болбосо коп елдер жолдон калып жатат
+2
rysik79
2019-02-05 17:48:10
Рейстен кечиккен бироо болсо керек.
+1
Muratmipa
2019-02-05 18:41:29
Бишкекте кар жокко
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан