Москвада метродо рельске кулап түшүп каза болгон 16 жаштагы Кыргыз жаранынын сөөгү 6-февралга караган түнү мекенине жөнөтүлөт

Москвада метродо рельске кулап түшүп каза болгон 16 жаштагы Кыргыз жаранынын сөөгү 6-февралга караган түнү мекенине жөнөтүлөт. Бул тууралуу Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов кабарлады.

Анын айтымында, бүгүн "жүк-200дү" жөнөтүү боюнча уруксат кагаздары берилген. Маркумду мекенине жөнөтүүгө элден 161 200 рубль каражат топтолгон. Ал маркумдун сөөгү жерге берилгенден кийин жакындары тийиштүү мекемелерге кайрылса 50 миң сомдой каражат жардам катары берилерин айтты.

16 жаштагы Б.Асанов аттуу Кыргыз жараны 1-февраль күнү "Сходненская" станциясында рельстердин ортосуна кулап кеткен. Асановдун кырсыктан баш сөөгү жабыркап, сан сөөгү сынган жана денесинин бир нече жеринен жаракат алган. Дароо ооруканага жеткирилип, бирок жандандыруу бөлүмдө көз жумган.

Маркум Б.Асанов Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Октябрь айылында 2003-жылы туулган. Алар үй-бүлөсү менен Москвада жашап жатышкан. Ал 4 бир туугандын экинчиси болгон.

Маркумдун жакындары Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча башкармалыгы тарабынан суракка алынып жатканы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
malikkkg
2019-02-05 23:31:15
Эх((((
0
monster_high_98
2019-02-05 23:39:36
Жок аны документ тактатып,эки жакка чуркаткандын ордуна,билгенден кийин жон эле берип койбойсунарбы ошол акчаны?
Силерди билебиз го,кантип документ тактатаарынарды.....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан