"Ош" аэропорту кайрадан иштеп баштады

"Ош" аэропорту кайра штаттык режимде иштеп баштады. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди.

Аэропортто жардыргыч зат бар экендиги тууралуу маалымат 18:46да түшүп, жарандар жана кызматкерлер эвакуацияланган эле.

Террордук акт тууралуу маалымат бергендерди издөө иштери уланууда.

Буга чейин "Манас" аэропортунда бомба бар деген маалымат тарап, ал жактан да табылган эмес. Бомба тууралуу билдирүү алдын ала маалыматтар боюнча, чет өлкөдөн келип түшкөнүн УКМКдан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан