Өзбекстандын Самарканд шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө көзөмөл видеокамералар деп орнотулгандар муляж болуп чыкты.
"Эл сөзү" аттуу гезитте жазылгандай, мындан 2 жыл мурда кылмыштуулукту азайтуу максатында шаардагы көп кабаттуу үйлөргө видеокамералар орнотулган. Мындай демилгени шаардык акимият көтөрүп, камераларды орнотуу долбоору ишке ашырыла баштаган.
Жергиликтүү бийлик көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына видеокамераларды орнотуусу үчүн жардам кылып, насыя алып берүүгө көмөктөшкөн. Мындан улам 1 200дөй үйгө камералар орнотулган. Кийин шаардагы Семург, Зульфия, Токзор, Истиклол сыяктуу бир катар райондордо көзөмөл системдери иштебей турганы белгилүү болгон.
"Көпчүлүк жерлерге эң арзан, сапатсыз жабдыктар орнотулган. Ал эми жогоруда айтылган райондордогу "камераларды" кайра иштетүү үчүн эч кандай аракеттер көрүлгөн жок. Шаар бийлигинин буйругу формалдуу түрдө гана аткарылды, иш жүзүндө көз боёмочулук болду", - деп жазылат маалыматта.