Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарынын айрым конуштарында жана көчөлөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.
Саат 9:30дан 18:00гө чейин Келечек жаңы конушунда (4,5-көчөсүндө), Көк-Жар жаңы конушунда (Куйручук, Санжыра, Ахунбаев, Улан, Арстанбап, Калмурзаев, Тоң көчөлөрүндө), Юнусалиев, Жантөшев, Кулиев, Жаш Гвардиядан Чоң Чүй каналына чейинки бөлүк;
Саат 09:30дан 17:00гө чейин Абдрахманов, Элебаев, Жукеев-Пудовкин, Горький, Геологический тар көчөсүндө;
Саат 09:00дөн 18:00гө чейин Жал кичи районунда (Асаналиев, Тыналиев көчөлөрүнүн бөлүгү), Исанов көчөсүндө, Ак-Ордо жаңы конушунда;
Саат 09:30дан 18:00гө чейин Ала-Тоо жаңы конушунда электр жарыгы өчүрүлөт.