Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө. “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Абдывахап Нурбаев органдарды трансплантациялоо боюнча маселе көтөрдү.
"Саламаттыкты сактоо министрлиги органдарды трансплантациялоого каршы болгондой болуп жатат. Сиздер каршысыздарбы? Бардык мамлекеттерде бул нерсе жасалат, Тажикстанда дагы жасалат. А биздин жарандар акча чогултуп сыртка чыгууга аргасыз болуп жатат. Эмне себептен Кыргыз өлкөсүндө жасоого болбойт? Бул жерде дары саткандардын, гемодиализ кылгандардын ичинде лобби бар дейт. Себеби, органдарды алмаштырып койгондо ал дарылар сатылбай калуу коркунучу бар экен. Буга сиздин оюңуз кандай? Силер кызыкдар болуп жасабайсыңарбы", - деди Нурбаев.
Буга саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев трансплантология деген бул жөнөкөй нерсе эмес экенин айтты.
"Биз каршы эмеспиз, муну өнүктүрүү керек. Министрликтин каршы пикири - бул нерсени кимдер жасайт деген маселеде. Бул нерсе мамлекеттик ооруканаларда жасалсын дегенди айтып жатабыз. Материалдык жактан кээ бир жетишпегендиктер бар. Бүгүнкү күндө биздин жерде 27 мындай операция жасалган, анын ичинен 16сы келген врачтардын катышуусу менен жасалган. Ага акча керек. Бүгүн жасап, эртең бейтаптын абалы оорлошуп акчасы талаага кетсе туура эмес да. Биз муну изилдеп жатабыз. Лаборатория бизде жок. Комплекстүү түрдө жасап, даярдап туруп ишке киргизүү керек", - деди министр.
"Кымбат болгон күнү жарандарыбыз чет жакка барып жатышат. Ошол себептен эртелетүү керек", - деп кошумчалады депутат.
Учурда “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоо улантылууда. Күн тартибине 10 маселе коюлган.