Жаңы паспорттор үчүн бланктарды сатып алуу боюнча жарыяланган тендерди литвалык компания утуп алды

Кыргыз жарандарынын жаңы муундагы (ePassport) - жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык жаңы паспорттордун бланктарын сатып алууга тендер өткөрүлүп, аны литвалык "Гарсу пасаулис" компаниясы утуп алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Ал эми мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта тендерге канча компания катышканы жана алар канча баа сунуштаганы көрсөтүлгөн эмес.

Бирок интернетке жарыяланган маалыматтарга караганда, "Гарсу пасаулис" компаниясы бланктарды бажы терминалдарына чейин жеткирип берүүнү 585 сомго баалаган. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы бланктарды сатып алуу үчүн тендерде 1 миллиард 2 миллион сом сунуштаса, ага катышкан "Muhlbauer ID Services GmbH" компаниясы 686 миллион 772 миң 250 сом, "Veridos GmbH" 936 миллион 347 миң 750 сом, "Гарсу пасаулис" 940 миллион 150 миң сом, "IDEMIA France SAS" компаниясы 948 миллион 713 миң 750 сом сунуштаган.

Маалым болгондой, бланктарды сатып алуунун жол-жоболору жана документтер мекемелер аралык комиссияда каралган. Жаңы муундагы биометрикалык маалыматтарды камтыган паспортторду чыгаруу коопсуздукту камсыз кылуу, эл аралык кылмыштуулукка бөгөт коюу жана жарандардын чек арадан өтүүдө документтерин бурмалоосун жокко чыгаруу болуп саналат.

"Жаңы муундагы паспорт мурдагылардан айырмаланып, ага ээсинин жеке маалыматы жазылган чип орнотулган поликарбонат баракчасы тиркелет. Ошондой эле лазердик жана өзгөчө мөөр басуу 2 ыкма менен басылып чыгат. Жаңы документтин коопсуздугун 40 коргоо элементтери камсыз кылып турат. Бул документ менен чек арадан өткөн учурда жарандын ким экендигин аныктоо тез жүргүзүлөт. Ошондой эле чет өлкөгө баруу үчүн виза алууда оң таасирин тийгизет. Ал эми чет өлкөгө бат-бат чыккан жарандар үчүн паспорттун визалык беттерин 34төн 50 бетке чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралган", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Дамира Азимбаева паспорт даяр болгондон кийин Кыргыз жарандары ага ээ болуу үчүн канча каражат сарптай турганы белгисиз. Анткени калькуляция бир нече мекемелер аралык комиссиянын чечими менен аныкталмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jumaev0084
2019-02-06 16:53:18
Бутуп калды эле алмаштырбай турсам окшойт
0
Shef87
2019-02-06 17:56:29
Улуту дарегини сыртына жазып койсо жакшыраак болмок
+2
Rifle_I
2019-02-06 18:03:07
Бизде пайпак алганга акчабыз жок, анан башка мамлекеттерден заказ кылабыз. Өзүбүздөн чыгарууна кызыкчылык жокпу ?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан