Бишкекте аварияга байланыштуу токтоп турган троллейбустардын кыймылы калыбына келтирилди

Бишкекте аварияга байланыштуу токтоп турган троллейбустардын кыймылы калыбына келтирилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

"Троллейбустар башкармалыгынын подстанциясында жаралган аварияга байланыштуу токтоп турган бардык троллейбус каттамдарынын кыймылы калыбына келтирилди", - деди басма сөз катчы.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-февралда подстанциядагы аварияга байланыштуу №11, №14, №2, №9 жана 7-каттамдагы троллейбустар убактылуу токтотулган. Бишкек мэрия коомдук транспортту кыймылга келтирүү үчүн жеринде атайын кызматкерлер иштеп жатышканын билдирип, шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан