Бишкекте электр жарыгы өчүрүлө турган аймактардын тизмеси

Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаарынын айрым конуштарында жана көчөлөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Көк-Жар жаңы конушунда (Куйручук, Санжыра, Ахунбаев көчөлөрүндө), Белорусский, Жантөшев, Анарчинский тар көчөсүндө, Юнусалиев, Суванбердиев, Бектенов, Неженский тар көчөсү, Бийский көчөлөрүндөгү бөлүктө;

Саат 09:00дөн 14:00гө чейин Бөкөнбаев, Чуйков, Сүюмбаев, Мичурин, Тургенов, Дунайский тар көчөсү, Фиров, Гульчинский тар көчөсү, Аралский көчөлөрүндөгү бөлүктө;

Саат 09:00дөн 18:00гө чейин Лущихин, Калужский, Фрунзе, Черноморский, Кузбасский, Марат, Орлов, Медеров, Абай, Калыс-Ордо жаңы конушунда, Ак-Ордо жаңы конушунда, Шооруков, Темиров, Жал кичи районунда электр жарыгы өчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekmaral
2019-02-07 11:01:28
Булар эмне суук кучогондо анан ондоп баштайбы кундун ысыгында атасынын торундо отуруштубу.Ушул суукта светсиз уйдо отурганды элестетеби ушулар.Же Озбекстанга 1.50сатып светти экономдоонун жолубу.
+3
nargiz94
2019-02-07 14:02:48
Кочолорунун атын окуп Кыргызстан экенине кумон санап кетесин го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан