Депутат бир эле курулуш компаниядан жабыр тарткан тургундардын саны 800гө чамалаганын айтты

"Бир эле курулуш компаниядан жабыр тарткан тургундардын саны 800гө чамалаптыр. Жалпысынан алганда 4 миңдей жаран үй куруудагы үлүштөрүнөн кур жалак калган деген мисалдарды да санап берген эксперттер бар", - деп кечээ, 6-февралда депутат Аида Исмаилова “Парламент” радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, кырдаалдын картинасын көрүп, турак-жай сатып алууда алданган жарандардын укугун коргоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясы иштелип жатат. "Бул багытта өкмөт өкүлдөрү, курулуш тармагындагы адистер, юристтер жана тиешелүү тараптар менен биргеликте иш алып баруудабыз", - дейт эл өкүлү.

Юрист Эрнест Абдыкеевдин белгилешинче, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда курулуш компаниялардын баштапкы капиталдык нормасы аныкталууда. "Ошол эле компаниялардын банктардан алынган ири суммадагы кредиттик карызы болбошу керек", - дейт юрист.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан