Парламентте Кара-Суу шаарында санитардык абал өтө начар болуп калганы айтылды

Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева Кара-Суу шаарында санитардык абал өтө начар болуп калганын айтты.

"Ош облусундагы Кара-Суу району өлкөдөгү эӊ ири район болуп саналат. Шаардын базарына өз жарандарыбыздан тышкары Өзбекстандан 150 миӊге чейин адам келет. Ошого карабастан анын борбору Кара-Суу шаарынын канализациясы жок, аны тезинен курбаса болбойт. Шаарга келип кеткендер көп болгондуктан, Кара-Суу шаарында санитардык абал өтө начар болуп калды. Бул маселени биз көп жылдан бери көтөрүп келебиз, бирок азыркыга чейин анын жыйынтыгы жок. Канализацияны курууга жергиликтүү органдардын алы жетпейт, ошондуктан ага борбордук бийлик тарабынан жардам керек", - дейт депутат.

Депутат Кара-Суу базарына канализацияны куруу кечиктирилип жатканын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nursiyanur
2019-02-08 00:36:18
Молодец!Ушул теманы которгулочу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан