Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев Эркиндик бульвары итканага айланып баратканын, ага чара көрүү керектигин айтты.
"Мактанарлык бир эле бульварыбыз бар, ал - Эркиндик бульвары. Эртең мененки саат 7ден тарта жөө бассаңыздар адамга караганда иттер көп. Алар газондорду булгап жатышат, аны тазалаган эч ким жок. Ээлери иттерин карабай, алардын каргысы, жетелөөчү жиби же тумшук каптары да жок жүрүшөт. Илгери ит атарлар бар болчу, бүгүнкү күндө бульвардын ичин карасак итканага окшошуп баратат. Көчөдө жолбун иттер көбөйүп кеткени да байкалууда, аларга ыкчам чара көрүү керек. Бул көрүнүш адеп-ахлакка жатпайт. Ал жакка кичинекей балдар барып ойнойт, ар кандай оорулар жугушу мүмкүн. Мэрия бул нерсеге көңүл буруп, тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүшсүн", - деди Рыспаев.