Депутат өкмөт экономикалык көрсөткүчтөрдү талдап чыгышы керектигин айтты

Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев өкмөт экономикалык көрсөткүчтөрдү талдап чыгышы керектигин айтты.

"Өкмөт ички дүң продукциясы 3,5 пайызга өстү деп маалымат берип жатат. Эмненин эсебинен өстү? Акыркы үч жылда декабрь айына келгенде биздин ички дүң продукция 5-8 миллиард сомго чейин өсүп келген. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2018-жылдын декабрь айында эле 28,1 пайызга ички дүң продукция өсүп жатат. Эмненин эсебинен өскөнү тууралуу реалдуу долбоорду көрө албай жатабыз.

Түз инвестициянын көлөмү төмөндөп жатат. Жумушсуздук күч алууда. Негизи экономикалык өсүш болгондо жумуш орундары түзүлүшү керек. Бир гана нерсе жакшы көрсөткүч бул мигранттардын которгон акчасы былтыркыга салыштырмалуу 200 миллион долларга көп болгон. ИДПнын көрсөткүчүнө кошумчаны ошол берип жатат го. Экономикалык көрсөткүчтөрдү талдап чыгуу керек", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан