Дин аалымы Абдышүкүр Нарматов 1968-жылы 8-февралда туулган.
Ал 1985-жылы Шураб шаарына караштуу №11-орто мектебин бүтүрүп, 1989-1993-жылдары Ташкенттеги "Имам Бухари" университетинен, 1993-2000-жылдары Египеттеги Каир шаарынын "Аль-Азхар" университетинин шарият жана фикх илимдери боюнча билим алган. 2003-2006-жылдары "Алтын муун" кайрымдуулук фондунун мүдүрү, 2000-жылдан 2016-жылдын март айына чейин Кыргыз мамлекетиндеги Ислам университетинин ректору кызматын аркалап келген. 2014-жылы 4-мартта Абдышүкүр Нарматов Аалымдар кеңешинин төрагасы кызматына шайланган.
8-февралга карата жылнаама.