Техника илимдеринин доктору Ильгиз Айтматов 1931-жылы 8-февралда Бишкек шаарында туулган.
1954-жылы Москвадагы Геология-чалгындоо институтун бүтүргөн. Геология башкармалыгынын геология-чалгындоо партиясында жана Кыргыз мамлекетиндеги Каменск экспедициясында инженер болуп иштеген. КСРБ Илимдер академиясынын Тоо-кен иштери боюнча инcтитутунда аспирантурада окуп, кийин Кыргыз КСР Илимдер академиясынын Физика жана тоо-тектеринин механикасы институтунда кенже илимий кызматкер, лаборатория башчысы, директордун илим боюнча орун басары, мүдүрү, Илимдер академиясынын физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен геологиялык илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти болуп иштеп келген.