Бүгүн, 8-февралда "Республика-Ата Журт" фракциясы өкмөтүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын ишке ашырылышы жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Баяндаманы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев жасайт. Күн тартипке ылайык, жыйында бир эле маселе каралат.