Биз социалдык тармакта

Депутат Мамлекеттик ипотекалык компаниянын койгон талаптары жарандар үчүн оор болуп жатканын айтты

Депутат Жыргалбек Турускулов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын койгон талаптары жарандар үчүн оор болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-февралда “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында билдирди.

“Жарандар арзан турак жай менен камсыз болушу керек. Бул өкмөттүн негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Кыргыз өкмөтү 4 жыл мурун арзан турак жай менен камсыз кылуу программасын кабыл алып, анын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компаниясын түзүшкөн. Бирок компаниянын койгон талаптары жарандарга оор келип жатат. Биринчи төлөмү 10-30 пайызга чейин, пайыздык өлчөмү дагы жогору болууда. Жөнөкөй 3 жыл иштеген мугалимдин айлыгы 6 500 сом. Насыяны 15-30 жыл иштеген мугалимдер ала алышпайт”, - дейт ал.

Учурда жыйында аталган компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан