Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев үч жыл аралыгында айлыгы кыскарып, 52 миң сом болгонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-февралда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында билдирди.
Жыйында депутат Марлен Маматалиев аталган компаниянын кызматкерлерине айлык төлөө үчүн жылына 109 миллион сом кете турганын белгиледи. Анын айтымында, компанияда 41 кызматкер иштейт.
Депутат Тариел Жоробеков Финансы министрлигинде мындан көп кызматкер иштеп 74 миллион сом каражат кете турганын айтты. Эл өкүлү мындай айлык эмненин негизинде коюлганын сурады.
Бактыбек Шамкеевдин айтымында, финансисттердин жетишсиздигинен улам ушундай айлык коюлган.
Буга чейин Шамкеев 2017-жылы айлык маянасы 20 пайызга кыскарып, 85 600 сом болгонун кабарлаган.