“Арзан турак жай менен камсыз кылуу программасы кымбат турак жай программасы деп аталып калды”, - деп бүгүн, 8-февралда “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.
Маматалиевдин айтымында, ипотекалык насыяны 4 пайыз менен берүү механизми иштелип чыкты.
“Арзан турак жай менен камсыз кылуу программасы эмне үчүн түзүлдү эле? Биз ойлогондой болдубу? Мугалимдер, дарыгерлер, маданият кызматкерлери үйлүү болуштубу? Тилекке каршы, жакшы көрсөткүчтөргө ээ боло алган жокпуз. Баштапкы төлөмдө жарандарга кыйын болуп жатат. Ошондой эле пайыздык өлчөмү жогору. Ипотекалык насыя 9 пайыз менен берилип жатат деп айтып жатышат. Бирок 14-16 пайыздан берген мисалдар бар. Салынган үйлөр кымбат. Арзан турак жай менен камсыз кылуу программасы кымбат турак жай программасы деп аталып калды”, - дейт ал.
Учурда жыйында аталган компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулууда.